2021-11-26

Өндүрштүк секторго зыярат


Үстүбүздөгү жылдын 26-ноябрында колледжибиздин Техникалык программалар бөлүмүнүн башчысы Абдуллах Эрдал Түмер, Экономикалык жана административдик программалар бөлүмүнүн башчысы Гүлнара Карадениз жана окутуучуларыбыз М.Рушту Чифтчи менен Мустафа Өжал болуп, Бишкектеги үй-тиричилик буюмдарын чыгарган "ЖЧК Маткасымов" фабрикасын зыярат кылышты. Фабриканын финансы бөлүмүнүн башчысы Эмил Амангелдиев фабрика тууралуу маалымат берди. Өз ара маалымат алмашуу болду. Ошол эле учурда Кесиптик жогорку мектеп  менен фабриканын ортосундагы кызматташтык маселелери талкууланды. Абдуллах Эрдал Түмер агайыбыз фабриканын директорлор кеңешин университетибизге чакырды. Эмил Амангелдиев университетибизге тезирээк келүүнү каалашарын жана университетибиз менен кызматташууга даяр экендиктерин билдирди.